БУУ Сирияда жарандык согушта каза болгондордун саны тууралуу маалыматты бөлүштү

Сирияда жарандык согуш башталгандан бери кагылышуулардын айынан каза болгон жарандардын саны 307 миңге жеткендиги билдирилди.

1849328
БУУ Сирияда жарандык согушта каза болгондордун саны тууралуу маалыматты бөлүштү

Сирияда жарандык согуш башталгандан бери кагылышуулардын айынан каза болгон жарандардын саны 307 миңге жеткендиги билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан жарыяланган отчетто өлкөдө согуш башталган 2011 - жылдын 1 - мартынан 2021 - жылдын 31-мартына чейинки кагылышууда жарандык жоготууларга байланыштуу жаңыланган статистика бөлүшүлдү.

Отчетто мындан мурдагы БУУнун статистикаларында 143 миң 350 жарандын каза болгондугу белгиленип, колдонулган жаңы статистикалык ыкмалардын натыйжасында ошол эле мезгилде 163 миң 537 жарандын кагылышуулардан улам каза болгондугу билдирилди.

Жаңы болжолдуу жоготуулар менен согуштун башталышынан бери 10 жылдын ичинде каза болгондордун саны 306 миң 887 болуп жаңыланды.

Бул көрсөткүчтүн Сирия калкынын 1,5 пайызына туура келгени жана акыркы 10 жылда күн сайын 83 жарандын кагылышуулардан каза тапканы ортого салынды.

Отчетко байланыштуу билдирүү жасаган БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет жарыяланган жоготуулардын сандык маалыматтарды гана эмес, дайынсыз жоголгондорду да билдиргендигин белгилеп : «Бул сандар саламаттыкты сактоо, азык  - түлүк, таза суу жана башка негизги гуманитардык муктаждыктардан улам каза болгондорду камтыбайт»,- деди. Бачелет кагылышуулар бүтмөйүнчө өлкөдө жарандардын өлүмүнүн улануу коркунучунун бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар