Столтенберг: "Түркиянын тынчсызданууларын эске алууга аргасызбыз"

Столтенберг Испаниянын борбор шаары Мадридде эртең баштала турган НАТОнун лидерлер саммитинин алдында басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

1848754
Столтенберг: "Түркиянын тынчсызданууларын эске алууга аргасызбыз"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Түркиянын тынчсызданууларын эске алууга аргасыз экендиктерин айтты.

Столтенберг Испаниянын борбор шаары Мадридде эртең баштала турган НАТОнун лидерлер саммитинин алдында басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган менен Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары боюнча сүйлөшкөнүн жана аны эртең Мадридде боло турган төрт тараптуу саммитке чакырганын билдирди.

Президент Эрдоган, Финляндиянын президенти Саули Ниинисто жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссондун Мадридде жолугуша турганын белгилеген Столтенберг: "Максат албетте Финляндия менен Швеция боюнча прогресске жетишүү. Мен эч кандай убада бербейм, бирок биз прогресске жетүү үчүн жигердүү иштеп жатабыз деп ишендире алам. Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү арызы тарыхый чечим. НАТОну бекемдей турган жана Евро-Атлантика аймагын стабилдештире турган нерсе болот. Б.а максат алдыга жылуу"-деди. 

Столтенберг Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши үчүн катуу аракет кылгандарын, бирок Түркиянын коопсуздук маселелерин да эске алуулары керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар