Францияда энергия керектөөнү кыскартуу чакырыгы...

Journal Du Dimanche гезитинде TotalEnergies, EDF жана Engie компанияларынын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүлөрү жарыяланды.

1848325
Францияда энергия керектөөнү кыскартуу чакырыгы...

Франциядагы 3 ири энергетикалык компаниялардан TotalEnergies, EDF жана Engie француздарды энергия керектөөсүн «дароо» кыскартууга чакырды.

Journal Du Dimanche гезитинде жарыяланган TotalEnergies, EDF жана Engie компанияларынын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүсүндө, Европанын энергетика системасында, анын ичинде Францияда бир нече айдан бери олуттуу көйгөйлөр бар экени, кээ бир өлкөлөргө орус газын куур аркылуу жеткирүүдө олуттуу төмөндөө болгону жана жалпы Европада газ запасы боюнча авариялык деңгээли жогору экени белгиленген.

Билдирүүдө, буга чейин кээ бир Европа өлкөлөрүндө көрүлгөн катаал чаралардан тышкары, климаттык шарттардын жана кургакчылыктын гидротехникалык энергия өндүрүшүнө тийгизген таасирине токтолду.

«Бул көйгөйлөрдөн улам баанын өсүшү биздин коомдук жана саясий биримдигибизге коркунуч туудурат жана үй-бүлөлөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө чоң таасирин тийгизет»,делген билдирүүдө «эң жакшы энергия – сарпталбаган энергия» деп баса белгиленген.

Үч энергетикалык компаниянын жетекчилери билдирүүдө: «Бул жайда чара көрүү бизге келерки кышка жакшыраак даярданууга жана өзгөчө газдын запастарын коргоого мүмкүндүк берет»,деген баалоого орун берүү менен бирге улуттук деңгээлде энергияны үнөмдөө жана ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча чоң программаны баштоо зарылчылыгына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар