Америка Кошмо Штаттарында куралдарды жөнгө салуу мыйзамы кабыл алынды

Долбоор 234 “макул” жана 193 “каршы” добуш менен кабыл алынды.

1848062
Америка Кошмо Штаттарында куралдарды жөнгө салуу мыйзамы кабыл алынды

Америка Кошмо Штаттарынын  Өкүлдөр палатасы эки тарап макул болгон куралдарды жөнгө салуу мыйзамын кабыл алып, бекитүү үчүн президент Жо Байденге  тапшырды.

Республикачыл жана демократ сенаторлор макулдашышкан жана кечээ Сенаттын Башкы ассамблеясында жактырылган куралдарды жөнгө салуу мыйзамы бүгүн Өкүлдөр палатасынын жалпы жыйынынан өттү.

Долбоор 234 “макул” жана 193 “каршы” добуш менен кабыл алынды.

Мыйзамдаштыруу  үчүн президент Байдендин бекитүүсүнө сунушталды. 

Бул мыйзам долбоору менен АКШ Конгресси 30 жылдан кийин биринчи жолу куралдарды жөнгө салуу мыйзамын кабыл алды.

Мыйзам долбоору 18 - 21  жаш арасындагы курал сатып алуучулардын кылмыш иштерин текшерүүнү кеңейтүүнү, курал алып саткан кишилерге да лицензия ээси болуу жоопкерчилигин алып келүүдө. 

 



Тектеш кабарлар