Украина Северодонецктен аскерлерин чыгарып кетүүдө

Telegram каналындагы билдирүүсүндө Сергей Гайдай, Украинанын Луганск облусунда жайгашкан Северодонецк шаарындагы абал тууралуу маалымат берди.

1847832
Украина Северодонецктен аскерлерин чыгарып кетүүдө

Украинанын Луганск аймактык аскерий администрациясынын башчысы Сергей Гайдай украин күчтөрүнө Северодонецктен чыгууга буйрук берилгенин билдирди.

Telegram каналындагы билдирүүсүндө Сергей Гайдай, Украинанын Луганск облусунда жайгашкан Северодонецк шаарындагы абал тууралуу маалымат берди. 

Орус армиясынын Северодонецктеги инфраструктураны талкалаганын белгилеген Гайдай, аты аталган шаардын болжол менен 90 пайызынын зыянга учураганын кабарлады. 

Украина күчтөрүнүн шаардан чегине турганын белгилеген Гайдай: "Украинанын куралдуу күчтөрү Северодонецктен кетүүгө аргасыз. Биздин жоокерлерге бул багытта буйрук берилди. Северодонецктин коргоочулары күчтүү позицияларга жайгаштырылат",-деди. 

Сергей Гайдай ошондой эле орус аскер бөлүктөрүнүн Северодонецктин жанындагы Лисичанск шаарын көздөй жылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар