Кремлдин билдирүүсү

Песков Украина жана Молдованын Евробиримдикке талапкер өлкө катары кабыл алынышы тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

1847976
Кремлдин билдирүүсү

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина менен Молдовага Евробиримдиктин талапкер статусу берилгенине байланыштуу: «Биз үчүн бул процесстердин баары бизге мындан ары көйгөй жаратпашы маанилүү»,- деди.

Песков Украина жана Молдованын Евробиримдикке талапкер өлкө катары кабыл алынышы тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

Бул теманын Европанын ички маселеси экенин белгилеген Песков, бул процесстердин Орусиянын Евробиримдик менен болгон карым-катнаштарынын дагы да начарлашына алып келбешинин маанилүү экенине көңүл бурду.

Евробиримдик менен карым-катнаштардын ансыз деле начар экенин эске салган Песков: «Биз үчүн бул процесстердин баары бизге көбүрөөк көйгөйлөрдү жаратпашы жана жогоруда аталган өлкөлөрдүн (Украина жана Молдова) биз менен болгон мамилесинде мындан да көп көйгөйлөрдү алып келбеши абдан маанилүү. Ансыз деле мындай көйгөйлөрдөн көп бар», - деди.

Украинанын талапкерлик статусу тууралуу айта турган көп нерсе жок экенин, ансыз деле баары ачык экенин белгилеген Песков Молдованын европалыктарга караганда көбүрөөк европалык болгусу келгенин жана бул үчүн кээ бир чараларды көрүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Евробиримдиктин Украина менен Молдовага “талапкер өлкө” макамын берүү чечими Орусия үчүн коркунуч туудурбайт деп билдирди.



Тектеш кабарлар