Германия алты өлкөнү колдойт

Олаф Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселде билдирүү жасады.

1847962
Германия алты өлкөнү колдойт

Германиянын канцлери Олаф Шольц, 6 Батыш Балкан өлкөсүнүн Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн колдоого чечкиндүү экендиктерин айтты.

Олаф Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги билдирүүсүндө, Европа Биримдигине мүчө болуу перспективасы бар 6 Балкан өлкөсүнүн Европа жолунда ылдам алга жылгандары үчүн Германиянын аларга колдоосуна ишене аларын баса белгилеп: «Бул узакка созулган жол. Ушундан улам бул аймактын жарандары жана өлкөлөрү акыркы жылдарда жасаган көптөгөн аракеттери үчүн тез жана көрүнүктүү жетишкендиктер азыр көрүнүп турушу керек. Биз муну жактайбыз. Бул 6 өлкө үчүн мүчөлүк мүмкүнчүлүгүн колдоого чечкиндүүбүз. Бул өлкөлөр Европа Биримдигине мүчө болуу перспективасы темасында Германияга ишене алышат»,- деди.

Шольц ошондой эле Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн Молдова менен Украинага «Евробиримдикке талапкер болуу макамын» беришин чоң кадам катары баалады.

Түндүк Македония, Черногория, Сербия, Албания, Босния-Герцеговина жана Косово көптөн бери Евробиримдикке толук кандуу мүчө болууга аракет кылып келишет.



Тектеш кабарлар