Бангладештеги сел: 68 адам каза болду
Cелдерден түндүк-чыгыш Силхет аймагында 46, түндүк жана борбордук Мименсинх аймагында 18, түндүк Рангпур аймагында 4 киши каза болду.
1847587
Бангладеште деңиз деңгээлине жакын аймактарда нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында болгон селден каза тапкандардын саны 68ге жетти.
Саламаттыкты сактоо кызматтарынын Башкы директорлугунун маалыматына караганда, селдерден түндүк-чыгыш Силхет аймагында 46, түндүк жана борбордук Мименсинх аймагында 18, түндүк Рангпур аймагында 4 киши каза болду.
Аталган аймактарда акыркы үч күндө селдерден улам 4000ден ашуун адам кир сууларга байланыштуу ар кандай ооруларга чалдыгышты.
Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады.
Тамак-аш жана ичүүчү сууну таратууга армия мүчөлөрү катышты.
Силхет аймагында эле 56 миң гектардык талаага зыян келтирген селден башка аймактардын да айыл-чарбасы жапа чекти.