Украина Орусиянын жоготууларын жарыялады

Башкы штаб башчылыгынын билдирүүсүндө Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушундагы абал тууралуу маалымат берилди.

1847540
Украина Орусиянын жоготууларын жарыялады
İrpin Köprüsü Ukrayna.jpg

Украинанын Башкы штабы Бахмут шаары багытында орус армиясынын жоготууга учураганын билдирди.

Башкы штаб башчылыгынын билдирүүсүндө Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушундагы абал тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүгө ылайык, Украинада ушул убакка чейин каза болгон орус аскерлеринин саны 34 миң 430га көбөйүп, орус армиясына таандык жалпы 1504 танк жана 3632 броне унаа менен 756 артиллериялык система, 240 көп стволдуу ракета аткычтар, 99 абадан коргонуу системасы жана 2 548 атайын унаа жана танкер жок кылынды.

Мындан тышкары Орусиянын 216 согуштук учагы, 183 тик учагы жана 620 учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлдү, 14 кеме жана буксирге да сокку урулду.

Орус армиясы Украинанын Бахмут шаары багытында жоготууларга учурады жана Северодонецк облусуна карай жылып баратат.

Северодонецк шаарын толугу менен басып алууга аракет кылган орусиялык күчтөр аталган аймакка карай Лоскутивка жана Рай-Олександривка конуштарын көзөмөлгө алды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар