Израилдиктердин палестиналыктарга карай чагымчыл аракеттери...

Бен-Гвирдин басып кирүүсү убагында Кыбыла мечитине баш калкалаган палестиналыктар такбир айтып депутатка каршы чыгышты.

1834218
Израилдиктердин палестиналыктарга карай чагымчыл аракеттери...
Itamar Ben-Gvir.jpg

Палестиналыктарга карай чагымчыл аракеттери менен белгилүү болгон Израилдин ашынган оңчул парламентарийи Итамар Бен-Гвир Израиль полициясынын коштоосунда басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине басып кирди.

Бен-Гвирдин басып кирүүсү убагында Кыбыла мечитине баш калкалаган палестиналыктар такбир айтып депутатка каршы чыгышты.

Израиль полициясы эртең мененки сааттардан бери Аксада кеминде 5 кишини кармап кетти.

Кудс Ислам Фонддору Башкармалыгынын билдирүүсүндө, Итамар Бен-Гвир менен бирге ашкере оңчул көз караштары менен таанылган фанат ысымдардын да басып кирүүгө катышканы билдирилди.

Бир топ отурукташкандар Аксанын короосуна Израилдин желектерин илип коюшту.

Буга тоскоол болууга аракет кылган палестиналыктар менен Израиль полициясынын ортосунда кагылышуу болду.

Палестиналыктардын бир тобу Палестинанын желектерин көтөрүп отурукташкандарга каршылык көрсөтүштү.

Фанатик жөөт отурукташкандардын Месжид-и Аксага басып кирүүсү учурунда Израиль полициясы да баскынга каршы чыккан палестиналыктарга кийлигишти.

Ал эми кээ бир фанат еврей отурукташкандары Аксада жерге жатып алып, диний ырым-жырымдарын аткарып жатканы байкалган.

Израиль полициясы жана отурукташуучулардын Месжид-и Аксадан чегингени кабарланды.

Фанатик жөөт отурукташкандары бүгүн Чыгыш Кудста өткөрө турган «желек парады» алдында Израиль полициясы таң эртеден тарта Эски шаар жана анын айланасында болушун күчөттү.

Таң намазынан кийин Израиль полициясы Масжид-и Аксаны басып алып, ичиндеги адамдарга кийлигишти.

 

Рейд учурунда бир топ палестиналык Кыбыла мечитине баш калкалады. Израиль полициясы кээ бир топторго резиналуу ок менен кийлигишип, Кыбыла мечитинин эшиктерин темир чынжыр менен жапты.

Ошол эле учурда Палестинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль полициясынын коштоосунда Фанатик жөөт отурукташкандардын Месжид-и Аксага басып кирүүсүнө реакция кылынганы билдирилди.

Фанатик жөөттөрдүн Месжид-и Аксанын короосунда Израиль полициясынын көз алдында диний ырым-жырымдарды аткарганы белгиленген билдирүүдө, Аксада бул кыймылдарга уруксат берүү менен Израиль башкаруучулугунун учурдагы абалды сактай турган сөздөрүн да жокко чыгарганы белгиленди.

Аксага жасалган рейд, короолорундагы диний жөрөлгөлөр жана андан келип чыга турган бардык кесепеттер үчүн Израиль өкмөтү түздөн-түз жана толугу менен жооптуу экени баса белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле эл аралык коомчулук менен Америка Кошмо Штаттарынын администрациясына «унчукпай туруусун токтотуу жана Кудс жана ыйык баалуулуктар үчүн юридикалык жана моралдык жоопкерчилигин алууга» чакырды, ал эми Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши, БУУнун Адам Укуктары Кеңеши жана Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданияты уюуму (ЮНЕСКО) да арасында болгон эл аралык уюмдарда Аксага каршы мыйзам бузууларга байланыштуу саясий жана дипломатиялык аракеттерин улантып жатканы билдирилди.



Тектеш кабарлар