Россиянын Украинага ачкан согушунда 242 баланын каза болгондугу билдирилди

Украинанын башкы штабынан берилген бир маалыматта орус армиясынын 24 -  февралдан 28 -  майга чейинки жоготуулары тууралуу сандар берилди.

1834051

Маалыматта орус армиясынын акыркы 24 саатта каза болгон 250 аскери менен бирге ушул күнгө чейин 30 миң аскерин жоготкондугу белгиленип, орустарга таандык 207 учак, 174 тик учак, 1330 танк, 3 миң 258 бронетехника, 628 замбирек, 203 ракета аткыч жана  93 абадан коргонуу системасы жок кылынгандыгы маалымдалды. 

Маалыматта орус күчтөрүнө таандык 2 миң 226 унаа, 13 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык менен 503 учкучсуз учуучу аппараттын да жок кылынгандыгы билдирилип, орустар учурган 116 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Россиянын коргоо министрлигинен 25 -  мартта берилген маалыматта Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу жарыяланган. 

Украина башкы прокурорлугунан берилген маалыматта да Россиянын 24 -  февралда согуш баштаган Украинадагы кол салууларында ушул күнгө чейин 242 баланын каза болгондугу, 440 баланын жаракат алгандыгы билдирилди. 

Тектеш кабарлар