Владимир Зеленский элге кайрылды

Владимир Зеленский  Россиянын Харьковду кайрадан бомбалагандыгын белгилеп, кол салууда 9 кишинин каза болгондугун, 19 кишинин жаракат алгандыгын билдирди.

1833547
Владимир Зеленский элге кайрылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Россиянын Харьковду кайрадан бомбалагандыгын белгилеп, кол салууда 9 кишинин каза болгондугун, 19 кишинин жаракат алгандыгын билдирди. 

Владимир Зеленский күнүмдүк элге кайрылуу сөзүн сүйлөдү. 

Россиянын Украинынын Харьков шаарын кайрадан бомбалагандыгын айткан Зеленский кол салуунун натыйжасында 9 жарандын каза болгондугун, 19 кишинин жаракат алгандыгын билдирди. Каза болгондордун арасында 5 айлык ымыркайдын жана атасынын да бар экендигин, энесинин абалынын оор экендигин белгилеген Зеленский жаракат алгандардын арасында да 9 жаштагы бир кыз баланын бар экендигин айтты. 

Украинанын президенти :  «(Орустар) Попаснаны, Бахмутту, Лиманды, Лысычанскты жана Северодонецкти Волноваха менен Мариуполь сыяктуу кыйратууну каалап жатат.  Россияга  кысым көрсөтүү түз мааниде адамдардын өмүрүн сактап калуу маселеси», - деди. Зеленский Латвия парламентине жана элине кайрылып,  Украинанын коргонуусу менен бирге башка алган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип : "Дүйнөдөгү ар бир адам  эркиндигибизди коргоо үчүн Латвия жана  башка өнөктөштөр сыяктуу чечкиндүү болсо, орус мамлекетинин Украинага, Европага жана дүйнөгө  кылган эч бир жамандык болбос эле",- деди. 

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан украин лидери, согуш талаасындагы абал тууралуу маалымат бергенин жана Украинанын өзүн коргоо жана кол салууларды кайтаруу жөндөмдүүлүгүн кантип жакшыртыла аларын сүйлөшкөндүгүн белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар