Россиянын Украинадагы кыймылы

Игорь Конашенков Одесса облусунда Украинанын аба күчтөрүнө таандык бир  Миг-29 согуштук учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

1833731
Россиянын Украинадагы кыймылы

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Одесса облусунда Украинанын аба күчтөрүнө таандык бир  Миг-29 согуштук учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Донецк аймагында Украина армиясынын 10 -  тоо согуштук  бөлүктөрүн абадан атылган ракеталар менен  аткандарын айткан Конашенков бул кол салуулардын натыйжасында 7 башкаруу жана байкоочу пункт менен 13 аскердик аймактын жок кылынганын айтты.

Конашенков  Барвенково жакындарында С  - 300 абадан коргонуу ракета системасынын радарын аткандарын айтып, Харьков аймагында Гусаровкага жакын жерде  радиостанция менен абадан коргонуу ракета системасынын радары жок кылынганын белгиледи.

Орус армиясы тарабынан 250дөн ашуун украин аскери жана 84 аскердик унаанын таасирсиз абалга келтирилгенин белгилеген Игорь Конашенков : "Украина аба күчтөрүнө таандык бир  Миг-29 учагы Одесса облусунда Россиянын абадан коргонуу системалары менен атып түшүрүлдү",- деди. 

Харьков жана Донецк аймактарында  Украинанын 8  учкучсуз учуучу аппараты жана Луганск облусунда Точка-У баллистикалык ракетасы менен аткыланганын билдирген Конашенков ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 77 командирлик борбору, 412 аскердик аймак жана 53 артиллериялык батареясынын  атылгандыгын айтты.

Орус катчы : "24 -  февралдан ушул күнгө чейин Украинага таандык 180 учак, 127 тик учак, 1027  учкучсуз учуучу аппарат, 324  абадан коргоо ракета системасы, 3 миң 281 танк жана бронетехника, 438 көп стволдуу ракета аткыч, 1693 гаубица жана миномет жок кылынды",- деди. 

 



Тектеш кабарлар