Россия күнүмдүк гуманитардык коридордун 139 милге чейин узартылгандыгын билдирди

27 -  майдан тарта 3 миль кеңдиктеги деңиз гуманитардык коридору багытынын 139 миль узундукка чыгарылгандыгын белгилеген Мизинцев коридордун Москва убактысы боюнча саат 08:00дөн 19:00гө чейин күн сайын ачык экендигин белгиледи.

1833508
Россия күнүмдүк гуманитардык коридордун 139 милге чейин узартылгандыгын билдирди

Россиянын коргоо министрлигинин Улуттук коргонууну көзөмөлдөө борборунун төрагасы Михаил Мизинцев орус куралдуу күчтөрүнүн Украина коридорлорунан чет элдик  жарандык кемелердин чыгышы үчүн ачылган күнүмдүк гуманитардык коридордун 139 милге чейин узартылгандыгын билдирди. 

Михаил Мизинцев орус куралдуу күчтөрүнүн Одесса, Миколаев, Черноморск, Херсон, Очаков жана Южный портторунан ачык деңизге чет элдик кемелердин коопсуз түрдө чыгышына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн 27 -  марттан бери Кара деңизде иш алып барган гуманитардык жардам коридорунда оңдоолордун жүргүзүлгөндүгүн айтты.

27 -  майдан тарта 3 миль кеңдиктеги деңиз гуманитардык коридору багытынын 139 миль узундукка чыгарылгандыгын белгилеген Мизинцев коридордун Москва убактысы боюнча саат 08:00дөн 19:00гө чейин күн сайын ачык экендигин белгиледи. 

Кемелердин чогулуу жана таркоо аянттарынын координаттарын да бөлүшкөн Мизинцев порттордон чыгуудан тарта чогулуу аянтына чейин кемелердин коопсуздугунан Укриана тараптын жооптуу экендигин маалымдады. 

Россиянын коргоо министрлиги кечээ Москва убактысы боюнча күн сайын саат 08:00дөн 19:00гө чейин Кара деңизде; 80 миль  узундугунда жана 3 миль кеңдикте Украинанын аймактык  сууларынан, Херсон, Миколаев, Черноморск, Очаков, Одесса жана Южный портторунан чет элдик жүк ташуучу кемелеринин чыгышы үчүн гуманитардык жардам коридорунун ачылгандыгын маалымдаган. 

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова минадан тазалангандан кийин Мариуполь портунан 5 чет элдик жүк ташуучу кеменин чыккандыгын билдирген. 

 

 



Тектеш кабарлар