Путин - Драгинин телефон аркылуу сүйлөшүүсү
Россиянын президенти Владимир Путин санкциялар жоюла турган болсо, азык - түлүк кризисинин чечилишине салым кошо алышарын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин санкциялар жоюла турган болсо, азык - түлүк кризисинин чечилишине салым кошо алышарын айтты.
Кремлден берилген маалыматка караганда, Владимир Путин Италиянын премьер - министри Марио Драги менен телефон аркылуу сүйлөштү. Путин Кара деңиз жана Азов деңизиндеги порттордон жарандык кемелердин коопсуз түрдө чыгышы үчүн күн сайын гуманитардык коридорлорун ачкандарын белгилеп, Украинанын Россия менен сүйлөшүүлөрдү токтотуусуна да баа берди.
Глобалдык азык-түлүк коопсуздугу маселеси да талкууланган сүйлөшүүдө орус лидери дүйнөлүк рынокко айыл чарба азыктарын жеткирүүдөгү көйгөйлөр боюнча өлкөсүнө коюлган айыптардын негизсиз экендигин белгиледи.
Путин ортого чыккан маселелердин өндүрүш, логистикалык чынжырлар жана каржы саясаттарынын иштешиндеги үзгүлтүктөрдүн коронавирус эпидемиясы мезгилинде батыштык өлкөлөр ишке ашырган финансылык саясаттар менен байланыштуу экендигин белгиледи.
Азык - түлүк тармагындагы маселелердин АКШ жана Европа Биримдигинин Россияга карата санкциялары менен татаалдашкандыгы баса белгилеген Владимир Путин батыштык өлкөлөр саясий максаттар менен ишке ашырган чектөөлөрдү жоюу шарты менен дан жана жер семирткичтерди экспорттоо аркылуу азык - түлүк кризисинен өтүүдө маанилүү салым кошууга даяр экендерин айтты.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.