АКШнын 7 штатында маймыл чечеги вирусун жуктурган бейтаптар аныкталды

АКШда бейтаптар чыккан 7 штаттын Калифорния, Флорида, Массачусетс, Нью  -  Йорк, Юта, Вирджиния жана Вашингтон экендиги белгиленди.

1833456
АКШнын 7 штатында маймыл чечеги вирусун жуктурган бейтаптар аныкталды

Америка Кошмо Штаттарынын 7 штатында маймыл чечеги менен ооруган 9 бейтап аныкталды. 

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Рошель Валенски пресс  - жыйын өткөрүп, өлкөнүн 7 штатында маймыл чечеги вирусун жуктурган 9 бейтаптын бар экендигин, бейтаптарды лабораториялар жана жергиликтүү коомдук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин аныктаганын билдирди. 

Бейтаптардын айрымдарынын маймыл чечеги эпидемиясы болгон аймакка барган кишилерден чыккандыгын баса белгилеген Валенски элди эпидемия боюнча аяр мамиле кылууга чакырды. 

Ак үйдүн  глобалдык саламаттыкты сактоо коопсуздугу жана биологиялык коргонуу боюнча директору Радж Панжаби пресс-брифингде  дүйнөлүк  масштабда мынчалык өлчөмдө   маймыл чечеги эпидемиясынын мурда эч качан болбогондугун айтты.

АКШда бейтаптар чыккан 7 штаттын Калифорния, Флорида, Массачусетс, Нью  -  Йорк, Юта, Вирджиния жана Вашингтон экендиги белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар