Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы суткада 150, согуш башталган 24-февралдан бери 29 миң 600 аскерин жоготкондугун билдирди.

1832974
Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы суткада 150, согуш башталган 24-февралдан бери 29 миң 600 аскерин жоготкондугун билдирди.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус армиясынын 24  февралдан 26 - майга чейин берген жоготуулары тууралуу маалымат орун алды.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы бир күндө 150 аскери, 11 учкучсуз учуучу аппараты, 10 танкы жана 22 брондолгон унаасы, согуштун башталышынан бери  жалпы 29 миң 600 аскерин жоготкондугу, орустарга таандык  206 учак, 170 тик учак, 1315 танк, 3 миң 235 орус аскери, бронетранспортер, 617 замбирек, 201 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынгандыгы белгиленди. 

Мындан тышкары орус күчтөрүнө таандык 2225 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 502 учкучсуз учуучу аппараттын да жок болгондугу билдирилген маалыматта орустар тарабынан учурулган 114 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы маалымдалды. 

Россиянын Коргоо министрлигинин 25 - марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

 



Тектеш кабарлар