Камерунда холера эпидемиясына кабылгандардын саны өсүп баратат

Камерунда алгач Батыш жана жээк аймактарында пайда болгон холера эпидемиясынан 140 адам каза болуп, бейтаптардын саны 7 миңден ашты.

1833167
Камерунда холера эпидемиясына кабылгандардын саны өсүп баратат

Камерунда алгач Батыш жана жээк аймактарында пайда болгон холера эпидемиясынан 140 адам каза болуп, бейтаптардын саны 7 миңден ашты.

Камерундун премьер-министри Жозеф Дион Нгуте октябрь айынан бери уланып келе жаткан холера эпидемиясында 7 миң 287 бейтап катталып, эпидемиядан 140 кишинин каза болгонун билдирди.

Өлкөнүн экономикалык борбору Дуалада жана Түштүк-Батыш аймагында бейтаптардын  көбөйүшү уланып жатканын белгилеген Нгуте март айында башталган эмдөө кампаниясынын улана турганын жарыялады.

«Вибрио» бактериясы пайда кылган тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу холера оорусу катуу ич өткөккө жана организмде суунун жоголушуна алып келет. Дарыланбаса, оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Камерунда таза суу менен камсыздалбашы жана медициналык кийлигишүүнүн учурунда болбошу, оору жана өлүм коркунучун жогорулатууда. 

Өлкөдө ысытма, полиомиелит, ич келте жана маймыл чечек сыяктуу эпидемиялар көп кездешүүдө. 

 


 



Тектеш кабарлар