АКШда дүйнөнүн эң кичинекей роботу иштелип чыкты
Кичинекей роботтор ийилип, бурулуп, секире алат.
1833181
Дүйнөдөгү эң кичинекей робот АКШда чыгарылды.
Science Robotics журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, АКШнын Иллинойс штатындагы Түндүк-Батыш университетинин инженерлери дүйнөдөгү эң кичинекей, алыстан башкарылуучу роботту жасашты.
Крабдардын каптал басып жүрүүсүн моделдөө аркылуу жасалган роботтордун ар биринин туурасы жарым миллиметрге жакын.
Кичинекей роботтор ийилип, бурулуп, секире алат.
Кыймылдуулук жөндөмдүүлүгү менен тар аянттарда кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн берген бул кичинекей роботтордун медицинада жабылып калган тамырлардын ачылышында колдонула алары баса белгиленүүдө.