Столтенберг: «Түркиянын тынчсыздануулары чечилиши керек»

Столтенберг Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн «Давос саммити» деп аталган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда (WEF) сөз сүйлөдү.

1831812
Столтенберг: «Түркиянын тынчсыздануулары чечилиши керек»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын террордук кол салуулардан эң көп жапа чеккен НАТО мүчөсү экенин, ошондуктан жаңы мүчөлүк арыздарына байланыштуу тынчсызданууларын чечүү үчүн бир жолдун табылышы керектигин айтты.

Столтенберг Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн «Давос саммити» деп аталган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда (WEF) сөз сүйлөдү.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго катышуусунун жамааттык коопсуздукту арттыра турганын белгилеген Йенс Столтенберг Европа Биримдиги-НАТО байланышын да бекемдей турганын айтты.

Столтенберг Орусиянын өз чек араларында дагы көп НАТОго мүчө өлкө болушун каалабагандыктан НАТОго ультиматум жөнөтүп, милдеттүү келишимди талап кылганын эске салды жана мындай деди: «Ал өз чектеринде НАТОну азыраак көргүсү келди жана согуш баштады. Эми ал чек араларында НАТОну дагы көбүрөөк көрүүүдө. Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болуу арыздары тарыхый мааниге ээ. Мен Түркия тарабынан көтөрүлгөн кооптонууну чечүүнүн маанилүүлүгүн да билем. Эстен чыгарбашыбыз керек; НАТОнун бир дагы шериктеши террордук чабуулдардан Түркиядан дагы көп зыян тарткан жок жана Түркиядан ашык качкындарды кабыл алган башка бир дагы шериктешибиз жок. Андыктан биз отуруп алдыга карай жол издешибиз керек. Мен муну кылабыз деп ишенем».

Столтенберг Түркиянын да көп жылдардан бери АКШ, Канада жана Англия менен бирге Украинага колдоо көрсөткөнүн билдирди.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенде НАТО буга даяр экенин баса белгилеген баш катчы чыгыш канаттагы күчкө токтолду.

Столтенберг келерки айда Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлө турган НАТО саммитинде шериктештерди дагы кооптуу жана атаандаштык дүйнөгө ыңгайлаштыруу үчүн чечкиндүү чечимдердин кабыл алынаарын белгиледи.



Тектеш кабарлар