Орусия менен Кытайдын согуштук учактары Азия-Тынч океан аймагында патрулдук учуусун ишке ашырды

Билдирүүдө патрулдук каттамдар эч бир үчүнчү өлкөгө багытталбаганы баса белгиленген.

1831828
Орусия менен Кытайдын согуштук учактары Азия-Тынч океан аймагында патрулдук учуусун ишке ашырды

Орусия менен Кытайдын согуштук учактары Азия-Тынч океан аймагында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүштү.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусиянын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык Ту-95 менен Кытайдын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык H-6K бомбалоочу учагынын Жапон деңизинде жана Чыгыш Кытай деңизинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзгөндүгү белгиленди.

Жапон жана түштүк кореялык согуштук учактардын патрулдук каттамдары жасалган кээ бир аймактарда Орусия жана Кытай учактарын коштогону тууралуу маалымат орун алган билдирүүдө, кайгуул учууларынын аба мейкиндигин бузбастан, эл аралык мыйзамдарга ылайык ишке ашырылганына көңүл бурулду.

Билдирүүдө патрулдук каттамдар эч бир үчүнчү өлкөгө багытталбаганы баса белгиленген.



Тектеш кабарлар