Украинанын ЕБне мүчөлүгү 15-20 жылга созулушу мүмкүн
Бул тууралуу бир радио каналына билдирүү жасаган француз министри Клемент Бон айтты.
1830575
Франциянын Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Клемент Бон Украинанын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болушу үчүн 15-20 жыл керек экенин айтты.
Бон Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинаны Евробиримдикке тезирээк интеграциялоого жардам бере турган «Европалык саясий коомчулукту» түзүү сунушун кайталап:«Украиналыктарга эч кандай иллюзияны же калпты тартуулагым келбейт»,-деди.
Бир радио каналына билдирүү жасаган француз министри:«Биз чынчыл болушубуз керек. Эгер сиз Украина Европа Биримдигине (ЕБ) алты айдан кийин же бир-эки жылдан кийин кошулат десеңиз, калп айтасыз. Балким 15-20 жыл керек»,-деп айтты.
Президент Макрондун Европанын саясий коомчулугу үчүн демилгеси июнь айында Евробиримдиктин саммитинде талкууланат деп күтүлүүдө.