Орусия: «Батыш дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратууда»

Батыш Украинага каршы 24-февралдан бери уланып жаткан чабуулдары үчүн Орусияга санкцияларды киргизүүнү улантууда.

1831026
Орусия: «Батыш дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратууда»

Глобалдык азык-түлүк кризисине Батыштын себепкер болгонун белгилеген Орусия: «Проблеманын булагы биз эмеспиз»,-деди.

Батыш Украинага каршы 24-февралдан бери уланып жаткан чабуулдары үчүн Орусияга санкцияларды киргизүүнү улантууда.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнө каршы киргизилген санкциялар дүйнөлүк азык-түлүк кризисине алып келгенин айтып:«Орусия дайыма ишенимдүү дан экспорттоочусу болуп келген»,-деди.

Песков ошондой эле БУУнун дүйнөнүн ачарчылыкка себеп боло турган азык-түлүк кризиси менен бетме-бет келе жатканы жөнүндөгү баалоолоруна кошулгандарын айтып:«Биз көйгөйдүн булагы эмеспиз. Дүйнөдө ачарчылыкты жаратып жаткан маселенин булагы бизге санкция киргизгендер жана санкциялардын өздөрү»,-деп айтты.

Украинага курал-жарак Батыш тарабынан жөнөтүлгөнүн айткан Дмитрий Песков Орусиянын Украинанын темир жол линиялары аркылуу Польшага буудай экспорттоосуна тоскоол болбогонун кошумчалады.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө Орусия, Түркия, Украина, АКШ  жана БУУ менен Украинадагы эгин экспортун калыбына келтирүү үчүн катуу иштеп жатканын билдирген.

Дүйнөлүк буудайдын үчтөн бир бөлүгү Орусия менен Украинага туура келет.



Тектеш кабарлар