Филиппинде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Филиппин сейсмологиялык институту жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:50дө Батангас провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөнүн сезилгенин билдирди.

1830297
Филиппинде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Филиппиндин Батангас провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Филиппин сейсмологиялык институту жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:50дө Батангас провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөнүн сезилгенин билдирди.

Жерден 132 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн очогу Калатаган провинциясынын 21 километр түндүк-батышында экени аныкталды.

Жер титирөөнүн булагы тектоникалык кыймылдар экенин белгилеген бийлик, жер титирөөнүн дагы болоорун эскертти.

Жер титирөө борбор калаа Манила, Булакан жана Чыгыш Миндоро провинцияларында сезилгени менен адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилгени жөнүндө маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар