Драги менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Италиянын Премьер-министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Драги менен Зеленский Украинадагы жаңжалдардагы акыркы кырдаалды талкуулаганы айтылды.

1830231
Драги менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Италиянын премьер-министри Марио Драги Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Италиянын Премьер-министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Драги менен Зеленский Украинадагы жаңжалдардагы акыркы кырдаалды талкуулаганы айтылды.

Билдирүүдө, «Драги сүйлөшүүдө 6-санкциялар пакетин бекитүү муктаждыгы (24-февралда Украинага согуш жарыялаган Орусияга каршы), порттордогу блокаданы алып салуу зарылдыгы жана Украинанын Европа Биримдигине кошулуусу боюнча Италиянын Украинаны толук колдоосун дагы бир жолу ырастады»,делди.

Зеленский да Драги менен болгон сүйлөшүүсүнө байланыштуу Твиттер баракчасынан бөлүшүп: «Коргонуу тармагындагы кызматташтык, 6-санкциялар пакетинин тездетилиши жана Украина портторундагы блокаданын жоюлушу талкууланды. Италияга ЕБ жолунда Украинага шартсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилди»,деген сөздөргө орун берди.


Этикеткалар: #Марио Драги

Тектеш кабарлар