Кирби Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешине дайындалды

Жо Байден АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирбини Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору кылып дайындады.

1830073
Кирби Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешине дайындалды

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирбини Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору кылып дайындады.

Байден жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Кирбинин буга чейин Мамлекеттик жана Пентагондун басма сөз катчысы болуп иштөө менен маанилүү тажрыйбага ээ болгонун жана  Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору кылып дайындагандыгын белгилеп : «Жон АКШнын тышкы жана коргонуу саясатынын кыйынчылыктарын абдан жакшы түшүнөт жана улуттук коопсуздуктун маанилүү маселелери боюнча биздин башкаруубуздун татыктуу өкүлү боло алат»,- деди.  

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Кирбиге көрсөткөн кызматтары үчүн ыраазычылык билдирип : «Кирби коргонуу жана тышкы саясаттагы көп жылдык тажрыйбасы менен Улуттук коопсуздук кеңешине  маанилүү салым кошо алат жана Улуттук коопсуздук кеңешине шайкеш келет»,-деди.

Жон Кирби Байденге өзүнө болгон ишеними үчүн, ал эми Остинге акыркы 18 айдагы лидерлиги жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар