Украинадагы согушта балдардын өлүмү жана Россиянын жоготуулары

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө кол салуулардан эң көп  Донецк, Киев жана Харьков аймактарында  балдардын каза болгондугу билдирилди.

1829780
Украинадагы согушта балдардын өлүмү жана Россиянын жоготуулары

Россиянын  24 - февралда   Украинага жасаган кол салуусунда ушул кезге чейин  231 бала каза болуп, 427 бала жараланды.

Украинанын Инфраструктура министри Александр Кубраков да Россиянын өз өлкөсүнө каршы баштаган согушунун инфраструктурага 100 миллиард доллар зыян келтиргенин айтты.

Кубраков : "Мариуполь сыяктуу ири шаарлар жана Украинанын чыгышындагы башка шаарлар дээрлик талкаланды. Бул кыйратуулар уланууда. Биз согушка чейин көптөгөн инфраструктуралык долбоорлорду баштаганбыз. Россиянын кол салуусунан кийин инфраструктуранын кайрадан курулушуна жардам берүү үчүн батыштык өлкөлөрдө тоңдурулган орус мүлктөрүн колдонууну каалайбыз",- деди. 

Түркия менен Украинанын ортосундагы жакшы карыи  - катнаштарды эске салган Кубраокв түрк курулуш фирмаларынын Украинада согуштан мурда да активдүү болгондугун жана аларга инфраструктуранын кайрадан курулушунда аларга муктаж болорун баса белгиледи. 

Украинанын Башкы штабы да Россиянын  24-февралдан 20-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскерин жоготконун жарыялады.

Орус армиясынын бүгүнкү күнгө чейин жалпы 28 миң 700 аскерин,  204 учак, 168 тик учак, 1263 танк, 3,90 брондолгон унаа, 596 замбирек, 200 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасын жоготкондугу билдирилди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн 2162 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 460 учкучсуз учуучу аппаратын да жоготкону, орустар тарабынан учурулган 103 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылгандыгы белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу айтылган.



Тектеш кабарлар