Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге карата «диктатор» деген сөздү колдонду

Зеленский Францияда кечээ кечинде өткөн 75-Канн кинофестивалынын ачылыш аземине видеоконференция аркылуу катышып, сөз сүйлөдү.

1828688
Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге карата «диктатор» деген сөздү колдонду

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге карата «диктатор» деген сөздү колдонду.

Зеленский Францияда кечээ кечинде өткөн 75-Канн кинофестивалынын ачылыш аземине видеоконференция аркылуу катышып, сөз сүйлөдү.

Зеленский өз сөзүндө Экинчи Дүйнөлүк согушту жана актёр Чарли Чаплиндин 1940-жылы тартылган «Диктатор» тасмасын да эске салып: «Чарли Чаплиндин «Диктатор» тасмасы ал кезде чыныгы «диктаторду» өлтүргөн эмес, бирок бул тасманын аркасында кино тымтырстыктан чыкты. Мындайча айтканда жымжырттыктан чыкты. Кино сүйлөп жатты жана келечектеги жеңиштин үнү болду»,- деди.

Зеленский Путинге шилтеме жасап, адамзат ошол күндөн бери көптөгөн тасмаларды тартканын айтып: «Балким, согуштун үрөй учурарлыктары уланбайт деп ойлогонбуз, бирок анын убагындагыдай азыр “диктатор” бар»,-деди.

Орусиянын 24-февралда Украинага согуш жарыялаганын эске салган Зеленский, орус армиясынын кирген аймактарда көп кишини өлтүргөнүн, алардын 229у балдар экенин маалымдады.

Владимир Зеленский алар күрөштү уланта турганын, аларда башка арга жок экенин билдирди.

«Диктатордун» утулушуна ишенем»,-деп айткан Зеленский: «Кино унчукпай турганын далилдеш үчүн бизге жаңы Чаплин керек»,-деди.

75-Канн кинофестивалы Украина-Орусия согушунун көлөкөсүндө өтөт. Орус делегацияларына быйылкы фестивалга катышууга тыюу салынганы иш-чаранын алдында жарыя кылынган.

Фестивалда Украина элине колдоо көрсөтүү иретинде 2 украин режиссерунун тасмалары ар кайсы бөлүмдөрдө кино көрүүчүлөргө тартууланат жана өткөн айда Украинада өлтүрүлгөн литвалык режиссер Мантас Кведаравичюстун акыркы тасмасы «Мариупол 2»  атайын көрсөтүү менен кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат.



Тектеш кабарлар