Тегеранда абанын булганышынан улам мектептер жабылды

Тегеран мэринин орун басары Абид Мелеки абанын булганышы жана көрүлгөн чаралар тууралуу билдирүү жасады.

1828770
Тегеранда абанын булганышынан улам  мектептер жабылды

Ирандын борбор шаары Тегеранда абанын булганышынан улам бүгүн башталгыч жана орто мектептер жабылды.

Иран маалымат каражаттары кабарлагандай, Тегеран мэринин орун басары Абид Мелеки абанын булганышы жана көрүлгөн чаралар тууралуу билдирүү жасады.

Мелеки абанын булганышына байланыштуу өзгөчө абал тобунун  жыйынына кайрылып : "Чаңдын келиши жана абанын булгануу индексинин жогорулашынан улам түзүлгөн антисанитардык шарттарга байланыштуу бүгүн Тегеран аймагындагы бардык мектептер жабылды, бирок университеттер жана мекемелер ачык болот»,-деди. 

Абанын булганышы жогорку деңгээлге жеткендиктен кечээ Тегеран аймагындагы бардык мектеп, мекеме жана университеттер жабылган. 

Шаардын абанын циркуляциясына ылайык болбогон абалы жана калктын жыштыгы менен бирге эски үлгүдөгү унаалар менен көп колдонулган мотоциклдерден чыккан  газдар абанын булганышын арттырган факторлордун арасында көрсөтүлүүдө. 

Жалпы дүйнөдөгү абанын булганышы боюнча тизмеде биринчи үч шаардын арасында орун алган Тегеранда ушул себептен мектептер бат  - бат жабылып турат. 

 

 

 



Тектеш кабарлар