Россия 34 француз дипломатты кааланбаган киши деп жарыялады
Бул кишилер нота элчиге берилген күндөн тарта эки жуманын ичинде Россиядан чыгып кетүүлөрү керек.
Россия 34 француз дипломатты кааланбаган киши деп жарыялады.
Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Франциянын Москвадагы элчиси Пьер Левинин министрликке чакырылганы жана "бул өлкөдөгү 41 орус дипломатынын кааланбаган киши" деп жарыяланышына катуу каршылык көрсөтүлгөндүгү белгиленди.
Бул кадамдын орус - француз карым - катнаштарына жана эки тараптуу кызматташтыкка олуттуу зыян келтирээри баса белгиленген билдирүүдө : "Бул чечимге жооп катары Россиядагы француз дипломатиялык мекемелеринде 34 кызматкер "кааланбаган киши" деп жарыяланды. Бул кишилердин нота элчиге берилген күндөн тарта эки жуманын ичинде Россиядан чыгып кетүүлөрү керек",- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.