Путин: «Европанын энергетикалык санкциялары экономикалык жанкечтилик»

Владимир Путин борбор шаар Москвада өкмөт жана айрым фирма жетекчилери менен өткөргөн жолугушууда мунай секторуна байланыштуу баа берди.

1828490
Путин: «Европанын энергетикалык санкциялары экономикалык жанкечтилик»

Орусиянын президенти Владимир Путин, «Орусиянын мунай жана жаратылыш газ кирешеси батыш өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы тең салмаксыз кадамдарынан улам өстү»,-деп айтып: «Орусиянын энергетикалык ресурстары дагы башка аймактарга өтөт. Мындай экономикалык жанкечтилик, албетте, Европа өлкөлөрүнүн ички иши»,-деди.

Владимир Путин борбор шаар Москвада өкмөт жана айрым фирма жетекчилери менен өткөргөн жолугушууда мунай секторуна байланыштуу баа берди.

Европанын кээ бир саясий кызыкчылыктар жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) кысымынан улам энергетика тармагында түрдүү чектөөлөрдү колдоно баштаганын белгилеген Путин: «Бул өз кезегинде инфляцияны шарттайт. Алар каталарын моюнга алгандын ордуна, күнөөлүүнү издеп жатышат. Батыш саясатчылары менен экономисттери жөнөкөй, негизги экономикалык мыйзамдардын негиздерин унутуп коюшту же аларга зыян келтирип, атайылап көз жаздымда калтырууну чечишти окшойт»,-деп айтты.

Санкциялардан улам мунай жана дизель майы сыяктуу мунай өнүмдөрүнүн бааларында олуттуу өсүш болгонуна көңүл бурган Путин: «Орусиянын энергия булактарын четке кагуу Европанын системалуу түрдө узак мөөнөттүү келечекте дүйнөдөгү эң көп энергия чыгымы болгон аймакка айланарын билдирет»,-деди.

Орус лидери Европанын энергетика тармагындагы кадамдарын сынга алып: «Албетте, биздин өнөктөштөр тарабынан жасалган бул тең салмаксыз кадамдар Европанын экономикасына гана зыян келтирбестен, Орусиянын мунай жана газ кирешелерин да көбөйтөт», - деп айтты.

Европанын өнөр жайы дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу атаандаштыкта ​​жоготууларга учурап жатканын жүйө келтирген Путин: «Орусиянын энергетикалык ресурстары дагы башка аймактарга өтөт. Мындан тышкары, экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү Европадан дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө да жылат. Мындай экономикалык жанкечтилик, албетте, Европа өлкөлөрүнүн ички маселеси. Баарыдан мурда, биз өзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктардан баштап, прагматикалык аракет кылышыбыз керек»,-деп өз баасын берди.

Владимир Путин кээ бир европалык өлкөлөр орус мунайынан толук баш тарта албай турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар