Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орун алды.

1828808
Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украина акыркы суткада орус армиясынан дагы 400 аскер набыт болгонун билдирди.

Украинанын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, согуштун башталышынан бери Орус армиясына таандык 28 300 аскер, 202 учак, 167 тик учак, 1251 танк, 3043 бронетехника, 586 замбирек, 199 ракета аткыч жана 91 абадан коргонуу системалары Украина тарабынан жок кылынганы белгиленди. Билдирүүдө акыркы суткада орус армиясынан дагы 400 аскердин набыт болгону баса белгиленди.

Билдирүүдө Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык 2137 унаа, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 441 учкучсуз учуучу аппарат жана 43 атайын техника жок кылынганы, орус армиясы тарабынан учурулган 102 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүмдөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар