Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 27 900 аскерин, 201 учагын, 167 тик учагын жана 1235 танкын жоготкондугун билдирди.

1828321
Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 27 900 аскерин, 201 учагын, 167 тик учагын жана 1235 танкын жоготкондугун билдирди.

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 24-февралдан 17-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскерин жоготкондугу билдирилди.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 27 миң 900 аскери жана 201 учак, 167 тик учак, 1235 танк, 3 миң 9 броне унаа, 578 замбирек, 198 ракета аткыч жана 90 абадан коргонуу системасын жоготкондугу белгиленди. 

Орус күчтөрүнүн 2109 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 436 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы белгиленген билдирүүдө орустар тарабынан учурулган 97 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы маалымдалды.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул койгон.



Тектеш кабарлар