Ливанда Хизбуллах жана христиан союздаштары парламенттеги көпчүлүктү жоготушту

Ливанда жекшемби күнү болгон шайлоодо катышуу көрсөткүчү 41 пайыз бойдон калды.

1828285
Ливанда Хизбуллах  жана христиан союздаштары парламенттеги көпчүлүктү жоготушту

Ливандагы шайлоодо Хизбуллах жана христиан союздаштары парламенттеги көпчүлүктү жоготушту. 3 миллион 917  миң шайлоочу катталган Ливанда жекшемби күнү болгон шайлоодо катышуу көрсөткүчү 41 пайыз бойдон калды. Шайлоодо Хизбуллах жана христиан союздаштары  парламенттеги көпчүлүктү жоготкондугу тууралуу маалымат берилди. 

Ливанда 1989 -  жылы түзүлгөн Таиф келишими боюнча парламенттеги депутаттарды бөлүштүрүү 27 суннит, 27 шиит,  8 друз, 34 маронит христиан, 14 грек православ, 8 грек католик, 1 евангелист, 1 армян католик, 5 армян православы, 2 алеви, 1 христиан азчылыгы түрүндө болду. 

 

 



Тектеш кабарлар