Индияда катуу жамгыр жаашынан улам сел жана жер көчкү болду

Индиянын түндүк - чыгыш аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн кеминде 8 адам каза болду.

1828252
Индияда  катуу жамгыр жаашынан улам сел жана жер көчкү болду

Индиянын түндүк - чыгыш аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн кеминде 8 адам каза болду.

Ассам провинциясынын Дима Хасао районунун жетекчилеринин айтымында, кээ бир темир жол станциялары суу каптоодон улам иштебей калды. Ал эми жер көчкү жана провинцияга баруучу жолдорду жана көпүрөлөрдү суу каптап,  200 миң адамдын провинциянын калган бөлүгү менен байланышы үзүлдү.

Суу ташкынынан штатта төрт адам каза болду.

Армия  куткаруу иштерине жардам берүү үчүн тик учактарды милдеттендирди. Бир тараптан кечээ  Аруначал-Прадеш штатында кечээ катуу жааган жамгыр жана сел да таасирдүү болду.

Провинциянын борбору Итанагарда кичинекей үйлөрдүн урашы менен 2 киши каза болсо, башка аймакта жол курууда иштеген 2 жумушчу жер көчкүдөн каза болду.

Индиянын метеорология департаменти нөшөрлөгөн жамгырдын 4 күн бою улана тургандыгын билдирди.

2020-жылы Уттаракханд штатында селден 200гө жакын адам каза болгон.



Тектеш кабарлар