Игорь Конашенков Россиянын Украинадагы аскердик аракететри тууралуу билдирди

Игорь Конашенков АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жиберилген куралдардын жогорку тактыктагы ракеталар менен  ​​атылгандыгын айтты.

1828439
Игорь Конашенков  Россиянын Украинадагы аскердик аракететри тууралуу билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Львов аймагындагы темир жол станциясында Донбасска жөнөтүү үчүн даярдалган АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жиберилген куралдардын жогорку тактыктагы ракеталар менен  ​​атылгандыгын айтты.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштук аракеттери тууралуу маалымат берди.

Орус катчы : «Калибр ракеталары менен Ливов аймагындагы Старичи поезд  станциясы жакындарында Донбасска жөнөтүү үчүн даярдалган АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жиберилген чет элдик курал – жарактар менен Украинанын резервдеги аскердик  бөлүктөрү жок кылынды»,- деди.

Конашенков  Чернигов облусундагы Десна жана Суми аймагында Охтырка отурукташуу жерине жакын жердеги машыктыруу борборлору аянтындагы кагылышуу координациясын толуктаган резервдерге да сокку урулгандыгын айтты.

30-механикалаштырылган бригаданын бөлүктөрү менен Донецк аймагындагы кээ бир кампа жана аймактарга сокку урулганын белгилеген Конашенков, бул кол салуулардын натыйжасында 470тен ашуун Украина куралдуу күчтөрүнүн таасирсиз абалга келгенин белгиледи.

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 224 аскердик аймакты өрттөгөнүн белгилеген Конашенков, Харьков жана Донецк аймактарында Украинанын 23 учкучсуз учуучу аппаратын атылаганын айтты.

Басма сөз катчысы : «Учурда Украинага таандык 168 учак, 125 тик учак, 912 учкучсуз учуучу аппарат, 309 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 134 танк жана бронетехника, 385 көп стволдуу ракета аткычтар, 1542 гаубица жана минометтор, 2 миң 983 атайын аскердик техника жок кылынды»,- деди.

Мариуполдо «Азовсталь» заводундагы «Азов» батальону менен украиналык аскер кызматкерлери багынып бере баштаганын белгилеген Конашенков, 51и оор жарадар болгон жалпы 265 куралдуу күчтүн куралдарын таштаганын белгиледи.

Конашенков жарадар болгондордун дарылануу үчүн Донецк облусунун Новоазовск шаарындагы ооруканага жеткирилгенин айтты.



Тектеш кабарлар