Орусиядан Финляндия жана Швецияга НАТО боюнча каршы чыгуу...

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков өлкөсүнүн Финляндия жана Швеция менен чек ара маселеси жок экенине көңүл бурду.

1827789
Орусиядан Финляндия жана Швецияга НАТО боюнча каршы чыгуу...

Орусия президенттигинин Кремль сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу аймактагы коопсуздукту арттырбай турганын айтты.

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков өлкөсүнүн Финляндия жана Швеция менен чек ара маселеси жок экенине көңүл бурду.

Песков: «Экинчи жагынан, эгер Украина НАТОго кошулган болсо, Орусия НАТОго мүчө мамлекет менен чек ара чатагына туш болуп, бүткүл аймакта олуттуу коопсуздук коркунучтарын жаратмак», - деп айтты.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришинин мүмкүн болуучу кесепеттери терең каралышы керектигин белгилеген Песков: «Биз Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушу биздин континентте (Европа) коопсуздук архитектурасын бекемдейт же жакшыртат деп ишенбейбиз»,- деди.

Дмитрий Песков сөз болуп жаткан процесстен тынчсыздангандыктарын баса белгилеп: «Бул бизди тынчсыздандырган нерсе. Биз Финляндия менен Швециянын кошулуусу биздин коопсуздугубуз үчүн кандай кесепеттерге алып келерин кылдаттык менен байкап турабыз»,-деп айтты.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү чечими бул өлкөлөрдүн коопсуздугун бекемдебей турганын айтты.

Рябков борбор Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө: «Швеция менен Финляндиянын НАТО боюнча демилгелери олуттуу кесепеттерге алып келүүчү чоң жаңылыштык. Бул чечимдин натыйжасында эки өлкөнүн коопсуздугу бекемделбей турганы бизге түшүнүктүү. Биз бул чечимге жөн гана реакция кылабыз деп ойлобошубуз керек. Аскердик чыңалуунун деңгээли көтөрүлөт»,-деди.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен Финляндиянын премьер-министри Санна Марин бейшембиде биргелешкен билдирүү жасашып:«НАТОго мүчө болуу Финляндиянын коопсуздугун бекемдейт. Финляндия кечиктирбестен НАТОго мүчөлүккө кайрылуусу керек», - деп айтышкан, Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон анын өлкөсү НАТОго мүчө болгондон кийин келе турган расмий коопсуздук кепилдиктерине муктаж экенин айтты.

Шаршембиге чейин Швеция менен Финляндия НАТОго мүчөлүккө арыз беришет деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар