Германиянын армиясында ок-дары жетишпейт
Башкы штабдын төрагасы Зорн «Bild» гезитине берген маегинде армиянын абалы тууралуу билдирүүлөрдү жасады.
1827710
Германиянын башкы штабынын башчысы генерал Эбехард Зорн армиянын запастарында өтө аз ок-дары бар экенин жана кампаларын толуктоо үчүн 20 миллиард евро керек экенин билдирди.
Башкы штабдын төрагасы Зорн «Bild» гезитине берген маегинде армиянын абалы тууралуу билдирүүлөрдү жасады.
Зорн: «Бизде ок-дарылар аз, бул жагынан катуу үнөмдөөлөр жасалды. Азыр бизге ок-дарылар кампаларын толтуруу үчүн 20 миллиард евронун тегерегинде акча керек»,-деп айтты.
Зорн белгилегендей, мурда башка долбоорлор ок-дарыларды жана тетиктерди үнөмдөө менен каржыланган.
Зорн жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынан улам немис армиясында олуттуу машыгуу боштугу бар экенин белгиледи.