Украинанын Коргоо министри Резников Россия чек арасы тууралуу маалымат берди
Резников Украина парламентинде өкмөт жетекчилеринин Украина - Россия ортосундагы аскердик чыңалууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Украинанын Коргоо министри Алексей Резников Россия чек арасында өткөн жылдын жаз мезгилине салыштырмалуу олуттуу түрдө айырмаланган эч бир аскердик окуя же кыймылдын болбогондугун айтты.
Резников Украина парламентинде өкмөт жетекчилеринин Украина - Россия ортосундагы аскердик чыңалууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Коопсуздук бөлүктөрү менен чек арадагы абалды дайыма көзөмөлдөп турушкандарын айткан Резников : «Аскердик мааниде Россия чек арасында өткөн жылдын жаз мезгилине салыштырылганда олуттуу түрдө айырмаланган эч бир аскердик окуя же кыймыл жок»,- деди.
Беларустагы абалдын башка экендигин айткан Резников : «Беларуста машыгуу өткөргөн орус бөлүктөрү азыркы учурда кол салуучу топ болуудан баскынчы бөлүккө окшоп жатат жана Украинадан дагы көп Минск үчүн коркунуч туудурууда. Биздин Беларусь калкына карата абдан жылуу сезимдерибиз бар жана Беларуска каршы кандайдыр бир кыймыл, Украинанын кызыкчылыгына тескери. Минсктин да муну угушун каалаймын»,- деди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.