Евробиримдик Орусияны эскертти

Фон дер Ляйен америкалык CNN International телеканалынын суроолоруна жооп берди.

1769513
Евробиримдик Орусияны эскертти

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусияга каршы ар кандай санкциялардын үстөлдө экенин айтты.

Америкалык CNN International телеканалынын коногу болгон фон дер Ляйенге Орусиянын Украинага ыктымалдуу кол салуусу учурунда Түндүк Агым 2 газ линиясы долбоору жокко чыгарылып кетпейби деген суроо берилди. Бул суроого: «Абдан ачык айткым келет. Үстөлдө бардык альтернативалар бар»,-деп жооп берди.

Европа Комиссиясынын технология, экономика жана каржы тармактарында санкцияларды иштеп чыгуу үчүн жооптуу экенин эске салган фон дер Ляйен: «Биз муну да жасайбыз жана бул бардыгын камтыйт. Тепкичтин эң башында турган санкциялардан баштайбыз жана абдан чечкиндүүбүз; Украинага каршы агрессиясы Орусия үчүн чоң кесепеттерге жана оор чыгымдарга алып келерин унутпаш керек»,-деди.

Фон дер Ляйен: «Биз Экинчи Дүйнөлүк Согуштан (1939-1945-ж.) бери эч качан мынчалык оор кырдаалга туш болгон эмеспиз. Ошондуктар ар бир вариант үстөлдө турат»,-деп билдирди.

Евробиримдиктин Орусиянын эң чоң соода өнөктөшү жана эң чоң инвестору экенин баса белгилеген фон дер Ляйен : «Ушундан улам сандар биздин күчтүү көзүрүбүз экенин жана Орусия үчүн Украинага кол салуу абдан оор болорун айтып жатат»,-деди.

Евробиримдик 2014-жылы Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап алгандан кийин Крымга каршы санкцияларды киргизе баштаган. Орусиянын Украинанын жеринин бүтүндүгү, эгемендигине жана көз карандысыздыгына карата коркунучунан улам киргизилген мүлктөрүн тоңдуруу жана саякатка тыюу салуу сыяктуу санкциялардын алкагында 185 адам жана 48 уюм бар.

Евробиримдиктин санкцияларына ылайык, уюмга мүчө өлкөлөр Орусияга курал сата албайт. Орусияга мунай жана газ тармагында колдонулган кээ бир технологияларды ЕБ өлкөлөрүнөн импорттоого чектөө коюлган. Орус мамлекеттик банктары Европада каржы секторунан четтетилсе, соода жана инвестицияга чектөөлөрдү камтыган санкциялар 6 ай сайын узартылат.



Тектеш кабарлар