Тонгада жер титиреди

Жер титирөөнүн эпицентринин Пангайдан 225 километр түндүк-батышта болгону билдирилди.

1769210
Тонгада жер титиреди

Тынч океандагы арал өлкөсү Тонгада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Геологиялык Кызматы (USGS) 4,2 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн эпицентринин Пангайдан 225 километр түндүк-батышта болгонун билдирди.

Тынч океандагы болжол менен 170 аралдан турган Тонганын борбору Нукуалофадан 65 километр түндүктө жайгашкан жанар тоо 15-январда күл, буу жана газ бүркүй баштаган.

Атылуудан кийин Тонга, Жаңы Зеландия, АКШ, Канада, Чили жана Японияга "цунами" эскертүүлөрү берилип, Тонгадагы дээрлик бардык аралдарды цунами каптаган.



Тектеш кабарлар