Лавров: «АКШ жана НАТОдон конструктивдүү жооп болбосо, биз керектүү чараларды көрөбүз»

Лавров Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думада Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1768847
Лавров: «АКШ жана НАТОдон конструктивдүү жооп болбосо, биз керектүү чараларды көрөбүз»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ  менен НАТОнун Орусиянын коопсуздук сунуштарына конструктивдүү жооп бербесе, керектүү чараларды көрө тургандарын айтты.

Лавров Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думада Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Эл аралык аренада радикалдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген Лавров булардын «позитивдүү» эмес экенине басым жасады.

Батыштын эл аралык коомчулукка өз эрежелерин таңуулоого жана эл аралык укукка шек келтирүүгө аракет кылганын жактаган Лавров: «Батыш пайда болгон көп уюлдуу дүйнөнүн реалдуулугун кабыл алууга даяр эмес. Бул дүйнө бир мамлекеттин үстөмдүгүнө караганда адилеттүү жана демократиялуу болушу керек. АКШ баштаган батыш өлкөлөрү объективдүү багытка каршы турууга жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын ойлобостон, өздөрүнө бир тараптуу артыкчылыктарды камсыз кылууга аракет кылууда»,-деп айтты.

Орус министри АКШ жана анын Европадагы союздаштарынын Орусияны санкция жана кысым көрсөтүү менен токтотууга аракет кылып жатканын белгилеп: «Орусиянын чек араларына жакын жердеги чагымчыл аскерий маневрларга, Украинанын НАТОго тартылуусуна, Украинага курал-жарактарды жөнөтүүсүнө жана Украинанын Орусияга каршы түз провокация уюштурууга түртүлүшүнө карап көрүү жетиштүү болот»,-деди.

Чыгыш Украина маселеси боюнча Минск келишимдерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурган Лавров, АКШ, Франция жана Германиянын Украинага бул келишимдерге баш ийүүсү үчүн таасир этиши керектигин баса белгиледи.

Кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы дипломатиялык кызматкерлерин эвакуациялоо чечимин чыгарганын белгилеген Лавров: «Албетте, Батышта истерия күчөп жатат. Батыш чыныгы провокацияга абдан ынтызар жана Киев өкмөтүн Донбасста күч колдонууга мажбурлоого аракет кылууда»,-деп айтты.

Батыштын Орусияга карай санкция киргизгенин эске салган Лавров: «Батыштык кесиптештерибиздин аскердик кыжырдануусун көрүп жатабыз. Алар «Украинага кол сала турган болсоңор, силерди жазалайбыз. Украинаны сактап калабыз» деген өңдүү билдирүүлөрдү колдонуп жатышат»,-деди.

Орусиянын декабрь айында АКШ менен НАТОго ар кандай коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарды камтыган эки келишим долбоорун жибергенин эске салган Лавров, бул сунуштарга АКШ жана НАТОдон ушул аптада жооп күткөндөрүн айтты.

АКШ талап кылса, коопсуздук чаралары боюнча жообун жарыялабай тургандарын белгилеген Лавров, коопсуздук тармагында ар кандай сценарийге даяр экендерин айтты.

Сергей Лавров: «Эгерде биздин коопсуздук боюнча сунуштарыбызга конструктивдүү жооп болбосо жана Батыш агрессивдүү жолдо жүрүүнү уланта берсе, Орусиянын президенти Владимир Путин бир нече жолу айткандай, Москва керектүү чараларды көрөт. Россиянын жана орус элинин коопсуздугу, албетте, приоритет болот жана бардык шарттарда бекем камсыздалат»,-деп пикирин айттын.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Орусия тууралуу билдирүүлөрүнө баа берген Лавров: «Мен Столтенбергдин айткандарына көңүл бурбайм. Мен үчүн ал чындык менен байланышын үздү»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар