Германия Украинага 5 миң каска жөнөтөт

Коргоо министринин басма сөз катчысы Арне Коллатц Германиянын Украинага 5 миң каска жөнөтө турганын ырастады.

1768818
Германия Украинага 5 миң каска жөнөтөт

Украинанын талабына ылайык Германия бул өлкөгө 5 миң каска жөнөтөт.

Коргоо министринин басма сөз катчысы Арне Коллатц борбор шаар Берлинде жасаган билдирүүсүндө Германиянын Украинага 5 миң каска жөнөтө турганын ырастап: «Украинанын бул багыттагы өтүнүчүн карап чыктык жана жактырдык. Бирок жеткирүү убактысы тууралуу азырынча эч нерсе айта албайм»,- деди.

Бир тараптан Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт немис Бундестагынын Коргоо комитетине актуалдуу темалар тууралуу маалымат берди.

Ламбрехт Германиянын Украина тарапта экенин ачык түрдө айтканын белгиледи.

Украинанын Берлиндеги элчиси Андрей Мельник 5000 каска тууралуу чечимди "толугу менен символикалык ишарат" деп сындады.

Германияда өкмөт негизи чыр-чатактар ​​болгон өлкөлөргө курал жөнөтпөйт.

Германиянын Украинага курал жөнөтпөй жатышынын дагы бир себеби курал-жарактын берилиши дипломатиялык аракеттерге зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуудан келип чыгууда.

Германия жыл сайын кызматташуунун алкагында Украинага 1,8 миллиард евро жардам берет.



Тектеш кабарлар