АКШ Египетке курал-жарак сатууда

Мамлекеттик департамент 2 миллион 555 миллион долларлык аскердик сатууну бекитти.

1768452
АКШ Египетке курал-жарак сатууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти Египетке 2,2 миллиард доллары C-130J жүк ташуучу учактары жана 355 миллион доллары абадан коргонуу радарларынан турган жалпы 2 миллион 555 миллион долларлык аскердик сатууну бекитти.

АКШнын Коргоо коопсуздук кызматташтык агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Мамлекеттик департамент Египетке болжолдуу баасы 2,2 миллиард доллар болгон C-130J Super Hercules жүк ташуучу учагын жана ага тиешелүү жабдууларды сатууга макулдук берүүнү чечти»,-делди.

Сатуунун бекитилишине байланыштуу Конгресске билдирүү жөнөтүлгөнү кабарланып, сатуу пакетинин ичинде 12 C-130J учагы, 12 запастык кыймылдаткыч жана башка колдоочу жабдуулар бар экени белгиленди.

Агенттиктин экинчи билдирүүсүндө Египетке 355 миллион долларлык абадан коргонуу радар системаларынын сатылышына уруксат берилгени айтылды.

Билдирүүдө, бул сатуу пакетине 3 даана SPS-48 кургактык радар системалары, ушул системалардын запастык бөлүктөрү, кыймылдаткычтар, генераторлор жана башка жабдуулар камтылганы маалымдалды.

Эгерде АКШ Конгресси 30 күндүн ичинде департаменттин чечимине каршы болбосо, администрация сатуу пакетинин мазмуну боюнча сатуу бекитилген өлкө менен сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Бул сүйлөшүүлөрдүн аягында АКШ ал өлкөгө сунуш катын сунуштайт.

Эгерде сунуш оң жооп алса, сатып алуу процесси ишке ашат.



Тектеш кабарлар