Мали даниялык аскерлердин кетишин талап кылууда

Такуба күчүндө Франция, Швеция, Эстония, Италия, Бельгия, Нидерландия, Португалия жана Чехиядан 500гө жакын жоокер кызмат өтөйт.

1767696
Мали даниялык аскерлердин кетишин талап кылууда

Малидеги хунта жетекчилиги, өткөн аптада Такуба кызмат күчүнүн алкагында жайгаштырылган 100 жоокердин дароо өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Абдулайе Майга кол койгон жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Такуба күчүнүн курамында чыгыштагы Менака аймагына жайгаштырылган даниялык аскерлердин «дароо» өлкөдөн чыгып кетиши керектиги белгиленди.

Дания менен аскерлердин жайгаштырылышына байланыштуу эки тараптуу келишимге кол коюлбаганы эске салынып, аскерлердин Мали тараптын макулдугун албастан аймакка жөнөтүлгөнү белгиленди.

Такуба күчүндө Франция, Швеция, Эстония, Италия, Бельгия, Нидерландия, Португалия жана Чехиядан келген 500гө жакын жоокер кызмат өтөйт.

Франциянын жакын союздаштары Германия, Испания жана Англия болсо Сахелдеги террор көйгөйүн жок кылуу жана Франциянын Бархан операциясына колдоо көрсөтүү максатында 2020-жылы түзүлгөн Такубага кошулуудан баш тартууда.



Тектеш кабарлар