Иран өзөктүк сүйлөшүүлөр үчүн АКШ менен сүйлөшө аларын айтты

Абдуллахиян өзөктүк сүйлөшүүлөрдө маанилүү чечимдердин чыгарылышы керек болгон жерге жакындагандарын, ошондуктан кеңири катышуу менен көпкө созулган жыйындарды өткөрүшкөндөрүн белгиледи.

1767944
Иран өзөктүк  сүйлөшүүлөр үчүн АКШ менен сүйлөшө аларын айтты

Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян өзөктүк сүйлөшүүлөрдө келишим түзүү  үчүн Америкалыктар менен жолугуша ала тургандарын айтты.

Абдулахян борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык саясат изилдөөлөрү борбору уюштурган Иран жана коңшулар конференциясында сөз сүйлөп, өзөктүк сүйлөшүүлөр жана АКШ менен сүйлөшүү тууралуу баа берди.

АКШнын Иран менен түз сүйлөшүү үчүн ар кандай каналдар аркылуу билдирүүлөрдү жөнөткөнүн белгилеген Абдуллахиян : «Сүйлөшүүлөр процессинде америкалыктар менен болгон жолугушуудан кийин жогорку кепилдик менен жакшы келишим түзүлөт деген ойго келе турган болсок, анда биз муну көз жаздымда калтырбашыбыз керек»,- деди.

Абдуллахиян өзөктүк сүйлөшүүлөрдө маанилүү чечимдердин чыгарылышы керек болгон жерге жакындагандарын, ошондуктан кеңири катышуу менен көпкө созулган жыйындарды өткөрүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар