ЙПГ/ПКК менен ДЕАШ террористтеринин абактын айланасындагы кагылышуулары уланууда

Хасекеде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК менен абактан качкан террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн ортосунда уланып жаткан кагылышуу 6-күнүнө кирди.

1768002
ЙПГ/ПКК менен ДЕАШ террористтеринин абактын айланасындагы кагылышуулары уланууда

Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасекеде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК менен абактан качкан террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн ортосунда уланып жаткан кагылышуу 6-күнүнө кирди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ колдогон ЙПГ/ПКК террористтери менен ДЕАШ мүчөлөрүнүн ортосунда Өнөр жай түрмөсү жайгашкан Гувейран районунда 20-январда башталган кагылышуулар уланууда.

ЙПГ/ПКК курчоого алган түрмөнүн айланасына кошумча террористтерди жөнөттү.

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн согуштук учактары менен тик учактары да түн бир оокумда түрмөнүн айланасына чабуулдарын күчөтүштү.

ЙПГ/ПККга колдоо көрсөткөн АКШ күчтөрү да кечээ Сириянын Дейр эз-Зор аймагындагы Өмер мунай кениндеги базасынан Гүвейран районуна көп сандаган «Брэдли» үлгүсүндөгү брондолгон унаа жөнөттү.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК көпчүлүгү ДЕАШка мүчө болгон кеминде 600 туткунду Камышлы районуна өткөрдү.

Маалымат булактары кагылышууда кеминде 30 ЙПГ/ПКК террористинин набыт болгонун белгиледи.

Террордук уюм ДЕАШтын медиа органы делген Амак да кагылышууларда ЙПГ/ПККнын кеминде 212 террористинин каза болгонун билдирди.

ЙПГ/ПКК болсо кагылышууда каза болгон террористтердин санын бөлүшпөй, качкан ДЕАШтын 300 мүчөсү багынып бергенин айтты.

ДЕАШ менен байланышы бар деп эсептелген куралдуу топ 20-январда Хасеканын түштүгүндө бир гана ДЕАШ террористтери кармалган Өнөр жай түрмөсүнө бомба жүктөлгөн унаа менен кол салган.

ЙПГ/ПКК террористтери сыяктуу көрүнгөн куралдуу топ абак дубалын бузуп кирип, ондогон ДЕАШтын мүчөсү качкан.

Өнөр жай абагында 54 өлкөдөн миңдеген ДЕАШ мүчөсү бар.



Тектеш кабарлар