АКШ НАТОнун чыгыш канатына аскерлерин жиберүүнү пландап жатат

Жо Байден Кэмп-Дэвидде Пентагондун жооптууларынан Украина-Орусия кризиси жана АКШнын аймакка карата альтернативалары тууралуу брифинг алды.

1767636
АКШ НАТОнун чыгыш канатына аскерлерин жиберүүнү пландап жатат

Америка Кошмо Штаттарынын Орусиянын Украинага карай ыктымалдуу аскердик операциясында аймакта күчөгөн чыңалуунун алдын алуу максатында НАТОнун чыгыш канаты болгон Балтика өлкөлөрү менен Польшага аскер жибериши мүмкүн экени айтылды.

АКШнын президенти Жо Байден Кэмп-Дэвидде Пентагондун жооптууларынан Украина-Орусия кризиси жана АКШнын аймакка карата альтернативалары тууралуу брифинг алды.

Брифингден кийин «New York Times» гезитине маалымат берген бир коргоо кызматкери Пентагондун Байденге, Эстония, Латвия, Литва жана Польшага 1000ден 5000ге чейин аскер жөнөтө аларын белгилеп, чыңалуу дагы да күчөп кетсе аскерлердин санын 10 эсеге чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

CNN телеканалына маалымат берген жана аты-жөнүн жарыялоону каалабаган бир жооптуу кызматкер, аймакка жөнөтүлө турган бөлүктөрдү аныктоо процессинин аяктап калганын, бирок жөнөтүү боюнча азырынча чечим жок экенин билдирди.

Пентагондун бир өкүлү да: «НАТО өнөктөштөрүбүз колдоо сурашса, керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди айттык»,-деди.



Тектеш кабарлар