Талибан делегациясы Норвегияда...
Талибандын убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Твиттерден Талибандын делегациясы Норвегиянын бийликтери менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди.
Талибан делегациясы Норвегиянын борбор шаары Ослодо көптөгөн расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Талибандын убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Твиттерден Талибандын делегациясы Норвегиянын бийликтери менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди.
Билдирүүдө жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бири-биринин ой-пикирин сабырдуулук менен угуп, өлкөнүн учурдагы абалы тууралуу пикир алмашканы белгиленген.
Катышуучулар Ооганстан бардык афгандыктардын жалпы үйү экенин ырастап, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана коопсуздукту жакшыртуу үчүн афгандыктардын биргелешип иштеши зарылдыгын баса белгилешти.
Бардык катышуучулар Ооганстандын бардык көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден-бир жолу түшүнүү жана кызматташтык экендигине макул экендиктери ортого салынды.
Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө талиптердин өкүлдөрү 23-25-январь күндөрү үчүн Ослого чакырылганы айтылган.
Талибандын делегациясы Норвегияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Норвегия өкмөтүнүн өкүлдөрү, айрым союздаш мамлекеттер, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушаары айтылды.
21-январдагы билдирүүсүндө Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт Ооганстандагы гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдирип, өлкөдөгү соңку окуяларды «миллиондогон адамдары жапа чеккен масштабдуу гуманитардык кырсык» катары сыпаттады.
Хуйтфельдт сөз болгон байланыштар «Талибанды мыйзамдаштырбайт же тааныбайт, бирок алар өлкөнү иш жүзүндө башкарып жаткандар менен сүйлөшүүсү керек экенин» билдирди.
Тектеш кабарлар
Россия мамлекеттик кызматкерлеринин өлкө тышына чыгышына чектөөлөрдү киргизүүдө
Ройтерстин берген кабарына караганда бул талап Федералдык коопсуздук агенттигинен келди.
Жаз айы дүйнө жүзү боюнча рекорддук температура менен өттү
Адистер жакынкы күндөрдө жаңы температура рекорддорунун жаңыланышы мүмкүн экенин эскертишти.