АКШ Украинадагы жарандарын эскертти
Мамлекеттик департамент, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Украинага саякат эскертүүсүн жасады.
АКШнын Мамлекеттик департаменти, Орусиянын ыктымалдуу кийлигишүүсүнө каршы Украинанын Киевдеги элчилигинин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бул өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.
Мамлекеттик департамент, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Украинага саякат эскертүүсүн жасады.
Эскертүүдө 2022-жылдын 23-январында Мамлекеттик департамент, уланып жаткан Орусиянын аскердик кыймылынын коркунучунан улам АКШнын Киевдеги элчилигинин түздөн-түз жумушка алынган кызматкерлерине Украинадан өз ыктыярлары менен чыгып кетүүгө уруксат берди жана алардын дипломатиялык үй-бүлө мүчөлөрүнө чыгып кетүүгө буйруду. Украинадагы АКШ жарандары коммерциялык же башка жеке транспорт каражаттарын колдонуу менен чыгып кетүүнү ойлонушу керек»,- деп айтылды.
Орусиянын Украинага каршы аскерий операция пландап жатканы тууралуу маалыматтар бар экенине басым жасалган билдирүүдө: «Өзгөчө Украина чек араларында, Орусия басып алган Крымда жана Орусиянын көзөмөлүндөгү чыгыш Украинада коопсуздук шарттары күтүүсүз курчуп кетиши мүмкүн»,-делди.
Билдирүүдө ыктымалдуу аскердик кыймылда АКШнын Украинадагы дипломатиялык иш-аракеттеринин да таасир этээри айтылып, Украинадагы АКШ жарандарынан да байланыш үчүн онлайн бланка толтуруусу талап кылынды.